Баткенде чек арачылар жаңжал чыгып кетүү коркунучун алдын алышты

Конфликтини алдын алуу үчүн эки тараптын чек ара өкүлдөрү жолуккан. Кыргызстандын атынан барган өкүлдөр такталбаган аймакта эч бир иш кылууга болбой турганын эскертишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Баткендеги Тажикстан менен чектешкен аймакта чек арачылар жаңжал чыгып кетүү коркунучун алдын алышты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-февраль күнү Кыргызстандын чек арачылары Тажикстандын жарандары тактала элек аймакка көчөт отургузуп жатканын көрүшкөн. Түндө белгисиз адамдар көчөттөрдү жулуп ыргытып салган. Тажикстандын жарандары тактала элек аймакка 12-февралда дагы көчөт отургузууга аракет жасашкан. Чек арачылар ишти токтотууну талап кылганда тажикстандыктар айтыша кетишкен.
"Жерине Тажикстандын аскерлери келген. Конфликтини алдын алуу үчүн эки тараптын Чек ара өкүлдөрү жолуккан. Кыргызстандын атынан барган өкүлдөр такталбаган аймакта эч бир иш кылууга болбой турганын эскертишкен. Мындан соң андагы аракеттер токтотулган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК учурда абал туруктуу экенин маалымдады.
Кытай майрамынан улам "Торугарт" менен "Эркеч-Там" убактылуу жабылат
Белгилей кетсек, бүгүн, 15-февралда, жарандар Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдына келип чек ара маселесин тез арада чечүү талабын коюшту. Алар Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы такталбаган 40 гектар жерге тажик тарап көчөт отургузуп жатканын, ал эми Ак-Сай тарабындагы капчыгай, тоолорго куралчан чек арачылары келип кайтарууга өткөнүн, дыйкандары ал жерлерди иштете баштаганын билдиришкен.