Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Кыргызстанга кайтып келди

Экс-президент ушул жылдын 2-февралында жубайы менен Сауд Аравияга кичи ажылыкка зыярат кылганы кеткен болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга кайтып келди. Маалыматты экс-президенттин тегерегиндеги жакын адамдары тастыктады.
Алардын айтымында, Жээнбеков дем алыш күндөрү Бишкекке учуп келген.
Белгилей кетсек, экс-президент 2-февраль күнү жубайы менен Сауд Аравияга кичи ажылыкка зыярат кылганы кеткен болчу.
Маалыматка караганда, Жээнбеков ал жакка Сауд Аравия тараптын макулдугу менен барган.