Россияда COVID-19дун "британиялык" штаммын аныктоочу алгачкы тест иштелип чыкты

Тест-системаны Роспотребнадзор мекемесинин Эпидемиология боюнча борбордук илимий-изилдөө институту иштеп чыгып, каттоого алды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Коронавирустун Улуу Британияда чыккан штаммын аныктоочу дүйнөдөгү алгачкы тестти Россияда иштеп чыгышты. Бул тууралуу Роспотребнадзор мекемесинин сайтында жазылды.
Тест-системаны аталган мекеменин Эпидемиология боюнча борбордук илимий-изилдөө институту иштеп чыгып, каттоого алган.
"Каражат клиникалык сыноо учурунда эффективдүүлүгүн тастыктады. Ошондой эле бул жаңы технология менен коронавирустун башка мутациясын аныктай алчу реагенттерди жасаса болот", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, декабрь айынын орто ченинде Улуу Британияда SARS-CoV-2 илдетинин жаңы мутациясын табышкан. Кийинчерээк ал тездик менен тарап жатканы, буга чейинки вируска караганда жугуштуулугу 70 пайызга ылдам экени маалым болгон. Деген менен адам өлүмү көп катталган учур жок.