БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Оор атлетика боюнча кадеттер жана жаштар арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Иш-чара биринчи күнү саат 11:00дө башталат, ал эми расмий ачылышы 13:30га белгиленген.
Республикалык чемпионатты Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана Оор атлетика федерациясы уюштурууда. Бардык санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталып, иш-чара көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.