БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев өлкөдөгү музейлердин жетекчилери менен жолугушту. Бул туурасында ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
"Музейлердин негизги миссиясы — элдин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоо, көбөйтүү жана келечек муунга жеткирүү аркылуу даңазалоо. Мындан улам жарандарга жеткиликтүү болуш үчүн экспонаттарды санариптөө, каталог түзүү, аудиогид системасын киргизүү, портал иштеп чыгуу жана маркетинг иш-аракеттерин күчөтүү керек", — деди Иманалиев.
Бүгүнкү күндө өлкөдө жалпы музейлердин саны 118ди түзөт. Анын ичинен 58и мамлекеттик, министрликтин бюджетинен каржыланганы 29, жергиликтүү бийликтен каржыланганы 29 экени айтылды.