Бишкекте чек ара көйгөйүн тез арада чечүүнү талап кылып митингге чыгышты. Сүрөт

Чогулгандар мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугууну сурап, "президент, элди кабыл ал!" деп кыйкырып турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында чек ара көйгөйү боюнча тынчтык митинги өтүп жатат.
Акцияга чыккан 80ге жакын адам кыргыз-тажик чек арасындагы маселе чечилбей жатканына нааразы.
"Баткен облусунун Көк-Таш айылындагы такталбаган 40 гектар жерге тажик тарап көчөт отургузууда. Ал эми Ак-Сай тарабындагы капчыгай, тоолорго куралчан чек арачылары келип кайтарууга өттү. Дыйкандары ал жерлерди иштете баштады. Биздин чек арачыларды расмий бийлик артка тартып коюуда", — деди митингчилердин бири Бекназар Айдаралиев.
Мындан улам алар бийликтен көйгөйлөрдү тез арада чечүүнү талап кылышууда. Ал үчүн мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугууну сурап, "президент, элди кабыл ал!" деп кыйкырып турушат.