Манас Ниязов Көчмөндөр оюнунда араздашкан казак улакчысы менен элдешти. Видео

Дем алыш күндөрү коңшу өлкөдө өткөн аламан улак көк бөрүчүлөрдүн дээрлик беш жылдык кегин унутуп, достошууга аянтча болуп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандык улакчы Манас Ниязов 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында араздаша кеткен казакстандык көк бөрүчү Абугали Абдыжапаров менен элдешти.
Ниязов дем алыш күндөрү коңшу өлкөдө өткөн аламан улакка чакырылган. Бул оюн улакчылардын дээрлик беш жылдык кегин унутуп, достошууга аянтча болуп берди.
Эске салсак, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрүнүн финалында Кыргызстан Казакстандын курама командасын 15:3 эсебинде жеңген. Оюн талаасында Ниязов атаандашы Абдыжапаровду аты менен урдурганда жыгылып, казак спортчусу башынан жаракат алган.
Казакстандын блогери жарыялаган видеодо Ниязов оюн учурунда кокустук болгонун айтып, ал үчүн кайгырып турганын билдирген.
"Бизден кетсе кечиргиле. Биз жакта дагы жашкы оюндар болот, сиздер дагы барыңыздар. Кыргыз-казак бир тууган дейт, мындан ары карым-катнашыбызды уланталы. Көк бөрүнү өнүктүрөлү", — деп эл алдында сүйлөдү Ниязов.
Андан соң атаандашына кыргыздын чепкени менен калпагын кийгизди.