COVID: ооругандар облустарда азая баштады, бирок бир киши көз жумду

Кыргызстанда акыркы учурда коронавирус жуктуруп ооругандар менен сакайып чыккандардын тенденциясы мурдагы айларга салыштырмалуу аз боло баштаганын байкоого болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19дан бир бейтап каза таап, 41 киши ооруну жуктуруп алгандыгын Республикалык штабдан кабарлашты.
Акыркы учурда ооругандар менен сакайып чыккандардын саны мурдагы айларга салыштырмалуу аз каттала баштады. Маселен, кечээ 53 кыргызстандык аталган ооруну жеңип, айыгып чыккан.
"Коронавирустан Чүй облусунан бир бейтап көз жумду. Учурда стационарда 444 бейтап дарыланып жатса, анын ичинен 26 адамдын абалы өтө оор", — деп айтылган маалыматта.
Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония менен катталган жаңы учурлар:
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Ооруканалардан сырткары учурда Кыргызстан боюнча 387 бейтап амбулатордук шартта дарыланып жатканы кабарланды.