Радио

Аалканов: калпты адам эле эмес жаныбарлар да колдонот

Психолог Самат Аалканов калп адамдын эле эмес, жаныбарлардын да жашоосунда кездешерин айтты.
Sputnik
Калп айтуу негизинен коркуудан, жазалангысы келбегендиктен айтылат. Бул тууралуу Самат Аалканов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаш балдар "калп айтпа" дегенди "калп айт" дегендей эле кабыл алышат. Балага сөз менен салынган тыюулар кызыгуусун ого бетер күчөтөт.
"Калп айтууну жашоодон сырт нерсе катары кабыл албаш керек. Бул табияттан берилет. Ал тургай жаныбарлардын жашоосунда да кезигет. Мисалы, коркунучтуу сүрөт тартылган көпөлөктөр бар. Аларга бул сүрөт өзүн жырткычтардан коргоо үчүн керектелет. Айрым жаныбарлар душманы келе жатса өлүмүш болуп жатып калышат, чынында ал тирүү. Ушул сыяктуу калпты камтыган аракеттер табиятта да болот. Ал эми адамдар калпты көп учурда корккону үчүн айтышат. Бул бала кезден калыптанып калат. Кийин чоң киши болгондо деле конфликт, ызы-чууга кириптер болгусу келбей кутулуунун оңой жолу катары калпты колдонушат", — деди Аалканов.
Психолог адамдардын келечек жашоосуна байланыштуу башка адамдардан күткөн нерселери ишке ашпай калса, бул да өзүн-өзү алдагандыкка жатарын кошумчалады. Маселен, күйөөсүнүн ийгиликтүү эмес экенине нааразы болгон аялды жолдошу алдаган эмес. "Менин күйөөм" ийгиликтүү болот деп бир кездерде ал өзүн-өзү алдап алган.