Финансылык чалгындоо кызматына жаңы жетекчи дайындалды

Аталган кызматтын мурдагы жетекчиси Гуламжан Анарбаев өз каалоосу менен иштен кетүү жөнүндө арыз жазганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу аталган кызматтын сайтына жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, Гуламжан Анарбаев өз каалоосу менен иштен кетүү жөнүндө арыз жазганына байланыштуу кызматынан бошотулду. Анын ордуна Канатбек Тургунбеков келди.