Эки күндөн бери изделип жаткан Садык Дуулатов табылды

13-февраль күнү Бишкектин чет жакасында жайгашкан Ак-Жар конушундагы үйүнөн чыгып кетип кайтып келбеген Дуулатовду жакындары жана Аламүдүн районунун милициясы издеп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Эки күндөн бери Бишкек шаарынан жана анын чет жакасынан изделип жаткан 70 жаштагы Садык Дуулатов табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын жакындары билдирди.
Эки күндөн бери Бишкек шаарынан жана анын чет жакасынан изделип жаткан 70 жаштагы Садык Дуулатов табылды
"Аман-эсен. Бишкектен эмес, Кант шаарынан табылды", — деп билдиришти жакындары.
Эске салсак, Альцгеймер илдетинен жапа чеккен 70 жаштагы Садык Дуулатовду жакындары жана милиция издеп жаткан. 13-февраль күнү Бишкектин чет жакасында жайгашкан Ак-Жар конушунда жашаган жеринен чыгып кеткендигин айтышкан.