Бишкектеги автотыгынды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр курулат

Борбор калаанын көчөлөрү 50 миң унаага ылайыкталса, учурда машиналардын саны 500 миңге жетери белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкектеги жол тыгындарды азайтуу үчүн асма көпүрөлөр салынат. Мындан башка арга жок. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Темир Мамашов жергиликтүү ЖМКларга билдирди.
Анын айтымына караганда, асма көпүрөлөр Бах менен Лев Толстой, Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилиши жана башка аймактарга курулат.
"Борбор калаанын көчөлөрү 50 миң унаага ылайыкталган. Учурда унаалардын саны 500 миңге жетти. Жол тыгынды жоюш үчүн биз көчөлөрдү 10 эсеге кеңейте албайбыз. Ошондуктан ири кесилиштерге асма көпүрөлөрдү куруу керек", — деди Мамашов.
Ал ошондой эле Жайыл баатыр көчөсүнүн чет жагына чейин алты тилкелүү жол куруларын, Чортеков жана Алыкулов менен кесилишкен жерлерине ремонт жасаларын билдирди. Мындан сырткары, Сухэ Батор көчөсү кеңейтилип, жаңы жол куруларын кошумчалады.