Колун толгоп, сулата чаап... UFC 258 турниринин бүйүр кызыткан учурлары видеодо

Лас-Вегаста UFC 258 турнири өтүп, башкы мелдеште орто салмактагы чемпион Камару Усман бразилиялык Гилберт Бернсти мөөнөтүнөн мурда нокаут менен жеңди.
Sputnik
Биринчи раундда нигериялык спортчуда бир аз көйгөй жаралып, ал Бернстен бир нече ирет башка сокку жеген. Бирок акырындык менен өзүн колго алып, акыры үчүнчү раундда ал атаандашын техникалык нокаутка кетирди.
Андан кийинки башкы мелдеште кыздар беттешкен. Анда америкалык Мэйси Барбер мексикалык Алекса Грассого утулуп калды. Комментаторлордун айтымында, кыздар катуу тирешкен.
Турнирде кызыктуу беттеш Келвин Гастелум менен Йен Хейниш ортосунда да болгон. Мелдештин соңунда калыстардын чечими менен Гастелум жеңүүчү болгон.
​UFC 258 турниринде нокаут менен Усман менен Бернстин кармашы гана аяктаган.
Мындан башка дагы үч мелдеш мөөнөтүнөн мурун аяктаган. Алсак, Жулиан Маркез Маки Питолону үчүнчү раундда муунтуу ыкмасы менен утса, Энтони Эрнандес экинчи раундда Родолфо Виейрени толгоп жеңишке жеткен. Ал эми Полиана Виана биринчи раундда Маллори Мартиндин чыканагын кайруу ыкмасын колдонуп утуп алган.