Таласта жаш балдар топтошуп мушташа кетишти

Окуя жекшембиге караган түнү болгон. Чырдашкандар бири-бирин ташка алып, жергиликтүү тургундун үйүнүн терезесин талкалап салышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Талас шаарында массалык мушташ чыкканын Sputnik агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Динара Сарногоева билдирди.
Ош шаарында бычак жеп ооруканага түшкөн эки окуучунун бирөөсү көз жумду
Мушташ тууралуу үйүнүн терезеси талкаланган жергиликтүү тургун арыз менен кайрылгандан кийин белгилүү болгон. Ал жаш балдар бири-бирин ташка алганын, мындан улам айнеги талкаланганын айтып даттанган.
Аталган факт каттоого алынып, окуя болгон жерге милициянын ыкчам тобу барган.
"Азырынча мушташка эмне себеп болгону белгисиз. Чырдашкандардын эч кимиси арыз менен кайрылган жок", — деди Сарногоева.
Алдын ала маалымат боюнча, окуучулардын мушташканы божомолдонуп жатат. Тергөө иштери уланууда.