Өткөн суткада 34 кишиден коронавирус табылды. Өтө оор абалдагылар бар

Кечээтен бери өлкөдө өлүм учурлары катталган эмес. Ысык-Көлдөн бир медиктен коронавирус табылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бир сутка ичинде 34 кишиден коронавирус табылып, 69 бейтап айыккан. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен вирус илештиргендердин саны 85 475ке жетти.
Айыккандар:
Ал эми айыккандардын жалпы саны 82 253 болду.
Өткөн суткада өлүм учурлары катталган эмес. Азыркы тапта 424 бейтап ооруканаларда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 116 адамдын абалы оор болсо, 27 бейтаптыкы өтө оор деп бааланууда. Кечээтен бери Ысык-Көлдө бир медиктен коронавирус аныкталган.