Көмүрдүн баасы жогоруладыбы? Расмий жооп

Январь айына караганда февралда Кыргызстандан чыккан көмүрлөр 87,5 сомго, ал эми сырттан киргендер 75 сомго арзандаган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Көмүргө болгон баанын өсүшү мезгилдик фактордон көз каранды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кабарлады.
"Кышында керектөөчүлөр тарабынан көмүргө суроо-талап көп болот. Андан сырткары, айрым аймактарда көмүр казылбайт, мындан улам ортомчулар аркылуу алышат. Көмүрдүн баасы казылган жеринен алынып, керектөөчүлөргө жеткенге чейин да өздүк наркынан кымбатыраак сатылат. Буга жолдун алыстыгы да кошулат", — деп айтылат маалыматта.
10-февралга карата республика боюнча көмүргө болгон баа деле өскөн эмес.
Бишкекте 19 буу казан газга өтөт. Меморандумга кол коюлду
Агенттиктин сайтында жазылгандай, январь айына караганда февралда Кыргызстандан чыккан көмүрлөр 87,5 сомго, ал эми сырттан киргендер 75 сомго арзандаган.
"13-январда жергиликтүү көмүрдүн орточо баасы 4512,5 сом болсо, 10-февралда кара алтындын бир тоннасы 4 425 сомго бааланган", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, өкмөттүн токтому менен Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жаңы түзүлгөн Экономика жана каржы министрлигинин карамагына өткөрүлдү.