Финпол Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өтөт. Өкмөттүн токтому

Өкмөт башчы чыгарган токтомго ылайык, Финпол министрликтин алдында иш алып барган орган болуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Экономика жана финансы министрлигинин карамагына өтөт. Бул туурасында өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Премьер-министр Улукбек Марипов "Өмөттүн жаңы түзүмү бекитилгендигине жана аткаруу бийлигинин органдарын реформалоого байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомго кол койду.
Чекисттер менен чек арачылар бириксе эле чек ара көйгөйү чечилеби? Пикирлер
Ага ылайык, Финпол министрликтин алдында иш алып барган орган болуп калды.
Буга чейин аталган кызматтын жетекчиси Сыймык Жапыкеев "Финполду жойгону жатат" деген билдирүү таратып, буга жол бербөө үчүн элден колдоо сураган
Белгилей кетсек, 3-февралда кызматка киришкен министрлер кабинетинин түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөр каралган: өкмөт мүчөлөрүнүн саны 22ден 16га чейин кыскарды. Эки вице-премьер-министрдин кызматы жоюлса, бир катар министрликтер менен ведомстволор бирикмей болгон.