Күн жылый баштайбы? Бир жумага карата аба ырайы

Синоптиктердин айтымында, аптанын биринчи жарымында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, борбор калаада аптанын аягына чейин жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына аптанын биринчи жарымында 4-9 метрге, экинчи жарымында 5-10 метрге жетет.

Чүй, Талас облустары

14-февралда Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт. 16-18-февраль күндөрү тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
Автоунаанын айнеги канткенде тердебей калат. Кеп-кеңеш
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Дүйшөмбү күнү Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда гана жаан-чачын болбосо, Ош, Баткен облустарында күн ачык болот. 16-18-февралдарда өлкөнүн түштүгүндө жаан жаабайт. Бирок тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Ысык-Көл облусу

14-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, 15-февралда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт. 16-февралда күн ачылат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

Жекшемби күнү облус аймагында жаан жана кар жаашы болжолдонууда.
Өкмөт электр энергиясына болгон тарифти өзгөртүү ниетин билдирди
Аптанын экинчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Аптанын акыркы күндөрүндө абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт. 20-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.
Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Анткен менен абанын температурасы төмөндөйт.