Кыргызстан былтыр 987 млн. долларлык алтын экспорттоду

2020-жылы экспорт болгон алтындын дээрлик бардыгы Улуу Британияга чыгарылган. Ал эми 24 килограммын Түркия сатып алганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстан чет жакка 987 миллион долларга алтын экспорт кылган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет кабарлады.
Салмактык эквивалент менен алганда бул 17 тонна 669,7 килограммды түзөт. Анын дээрлик бардыгы Улуу Британияга чыгарылган. Ал эми 24 килограммын Түркия сатып алганы айтылды.
2019-жылы Кыргызстан 832, 9 миллион долларга 18 тонна 727,5 килограмм алтын саткан.
Белгилей кетсек, былтыр алтынга болгон дүйнөлүк нарк (Лондон рыногу) өскөн.