Жусуп Абдрахманов отуруп иштеген стол Тарых музейине берилмей болду. Сүрөт

Буга чейин президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Кыргызстандын Илимдер академиясы мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун раритеттик жеке иш столун Тарых музейинин балансына өткөрүп берет. Бул тууралуу аталган академиядан билдиришти.
1 / 2
Кыргызстандын Илимдер академиясы мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун раритеттик жеке иш столун Тарых музейинин балансына өткөрүп берет
2 / 2
Маалыматта бул столдо Кыргыз советтик республикасынын негиздөөчүлөрү, аталарыбыз отуруп иш кылганы белгиленген.
Маалыматта бул столдо Кыргыз советтик республикасынын негиздөөчүлөрү, аталарыбыз отуруп иш кылганы белгиленген.
"Жакында Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы болот. Бул столго дагы болжол менен 100 жыл болду", — деп Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору билдирген.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров "Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, коомдук ишмердин 120 жылдыгы быйыл улуттук деңгээлде белгиленет.