Японияда катуу жер титиреди. Видео

Окуядан 20 адам жабыркаган. Цунами коркунучу жок. Каза болгондор жана кыйроолор тууралуу маалымат айтыла элек.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Япониянын түндүк-чыгышында магнитудасы 7,1ге жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы метеорология агенттиги кабарлаганын РИА Новости жазды.
Очогу Тынч океанда, Фукусима перфектурасынын аймагында жайгашкан. Жер титирөө жети баллга чейин жеткен.
Жер титирөө Токиодо дагы сезилип, күчү төрт баллды түзгөн. Цунами коркунучу жок.
Киодо жазганына караганда, окуядан 20 адам жабыркаган. Каза болгондор жана кыйроолор тууралуу маалымат жок.