БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Коронавируска каршы вакцина алган адамдар өздөрүндө эч бир белгиси байкалбаса деле вирусту башкаларга жугузуп жүрө бериши мүмкүн. Бул тууралуу Жордж Мейсон университетинин Системалык биология мектебинин профессору Анча Барановага шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Учурда вакцина алгандар эч нерседен коркпой бет капсыз жүрө баштады. Бирок алар өздөрү оорубаганы менен жуктуруп алган вирусту башкаларга таратып жүрө бериши ыктымал. Эмделген адамдын организмине вирус таптакыр кирбейт деп ойлобош керек. Вакцина жөн гана оорунун өтө жеңил же билинбей өтүп кетишине жардам берет", — деди профессор.
Андыктан биолог вакцина алган же албаганына карабай, азырынча бардык жарандарга бет кап кийип жүрүүнү сунуштайт.
Учурда бир нече өлкө коронавируска каршы препараттарды чыгарып, аны пайдалана баштады. Өткөн жумада ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус дүйнөдө COVID-19 менен ооругандарга караганда ага каршы вакцина алгандардын саны көп болгондугун айткан. Бирок Кыргызстанда бир дагы адам эмделе элек.