Браконьерликке шектелген киши тоо текенин этин жүктөп жатып кармалды. Сүрөт

Тоо текени атты деген шектүүлөр Аксы районунун тургундары экендиги, бири Беке-Чал аймагындагы кыштоодо мал бага тургандыгы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Ош — Бишкек жолунда тоо текени мыйзамсыз атып, этин автоунаага жүктөп жаткан жаран кармалды. Бул маалыматты Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Туратбек Сатимбаев билдирди.
Анын айтымында, аталган департамент тарабынан 10-февраль күнү атайын рейд өткөрүлгөн. Токтогул районунун Кара-Көл шаарына жакын жердеги Беке-Чал жайлоосуна кеткен жолдун бурулушунда жол четинде автоунаага белгисиз буюм жүктөп жаткан адам шек жараткан.
Ош — Бишкек жолунда тоо текени мыйзамсыз атып, этин автоунаага жүктөп жаткан жаран кармалды
Тоо текенин башын автоунаага салып жаткан кишини сураштыра келгенде, ал Аксы районунун 26 жаштагы Т. уулу Р. аттуу тургуну экени аныкталган. Анын Беке-Чал аймагындагы кыштоодо мал бага турганы белгилүү болгон. Ал эми жанындагы жолдошу аталган департаменттин кызматкерлерин көрөр замат изин жашырган.
Тоо текенин эти менен кармалган 26 жаштагы жигит Кара-Көл шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилип, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жанындагы жолдошу Кара-Көл шаарынын тургуну экендиги аныкталган.
"Шектүү сурак учурунда ал жолдошу тоо текени аткандыгын жана этин автоунаага чейин жеткирип коюуну сурангандыгын айтып берди", — деген Сатимбаев.
Бул иш боюнча топтолгон материалдар Кара-Көл ШИИБге мамлекетке 100 миң сом өндүрүү үчүн өткөрүлүп берилген.