Ош милициясынын жетекчиси Мурат Боронов иштен кетти

Мурат Боронов Ош милициясын 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген. Ал башка аймакка которулду.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мурат Боронов ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ИИМдеги ишенимдүү маалымат булагы кабарлады.
Маалыматка караганда, Боронов Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. 
Ал Ош милициясын 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп келген.