Ош шаарында көчөт отургузуу иштери башталды. Сүрөттөр

Ош шаарына быйыл 650 түп ийне жалбырактуу, 450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. - Sputnik. Ош шаарында бүгүндөн тарта көчөт отургузуу иштери башталып, Бахапов көчөсүн бойлой бактар тигилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Ишембиликке катышкан Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардыктарды айланага аяр мамиле кылууга чакырды.
1 / 3
Ош шаарында бүгүндөн тарта көчөт отургузуу иштери башталып, Бахапов көчөсүн бойлой бактар тигилди
2 / 3
Ишембиликке катышкан Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардыктарды айланага аяр мамиле кылууга чакырды
3 / 3
2021-жылы "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасы тарабынан жалпысынан 650 түп ийне жалбырактуу, 450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.
"Шаардыктарды жана келген конокторду жасалып жаткан көрктөндүрүү иштерине көмөк көрсөтүп, тебелеп, жулуп кетип жаткан айрым бир терс көрүнүштөргө жол бербөөгө чакырам. Бул иш-аракеттердин максаты шаарга көрк берип, жашыл зоналарды көбөйтүү болуп саналат", — деди Сарыбашов.
Кыш кете электе... Баткенде жазгы айдап себүү жумуштары башталды. Сүрөт
2021-жылы "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасы тарабынан жалпысынан 650 түп ийне жалбырактуу, 450 түп жазы жалбырактуу жана 72 миң түп бадал көчөттөрүн отургузуу пландалууда.
Ал эми эрте жазда шаар көчөлөрүнө 7 миңге жакын жоогазын гүлү жана жалпысынан 2 миллиондой ар түрдүү гүлдөр отургузулат.
Мындан сырткары, муниципалдык аймактык башкармалыктар тарабынан шаар аймактарына 20 миң түп дарактын көчөттөрү отургузулат.