ЖМК: Кытай ДССУга COVID боюнча маалымат берүүдөн баш тартты

Адистердин айтымында, Кытай Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында эң алгачкылардан болуп расмий катталган 174 учур боюнча малымат берүүдөн баш тартууда.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДССУ) COVID-19дун эң алгачкы учурлары боюнча иштелип чыга элек маалыматтарды берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазды.
Бул маалыматтар вирустун качан жана кантип тарай баштаганын аныктоого мүмкүндүк берери айтылат.
"Алар бизге бир нече мисалын гана көрсөтүп койду. Бирок бул эпидемиологиялык иликтөөнүн стандарттарына туура келбейт. Демек, бул нерсе картинаны толугу менен көрүүгө тоскоол болот. Бирок башка тараптар муну туура деп эсептеши мүмкүн", — деди ДССУнун өкүлү Доминик Дуайер.
Адистердин айтымында, Кытай Ухань шаарында 2019-жылдын декабрь айында эң алгачкылардан болуп расмий катталган 174 учур боюнча малымат берүүдөн баш тартууда. Ошондой эле алар ага чейин дагы катталган учурлар болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.
Дуайердин маалыматы боюнча, бул окуядан кийин ДССУ менен Кытайдын адистеринин ортосунда бир топ дискуссия жаралган.
ДССУ эксперти: коронавирус Ухандагы базарда пайда болгон дегенге негиз жок
Учурда Кытайда ДССУ эксперттеринин эл аралык тобу COVID-19дун келип чыгышын иликтеп жатат. Адистер 14-январда Кытайдын Ухань шаарына келишкен жана милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинде болушкан. 29-январдан тарта гана өз иштерин башташкан.
2020-жылдын 1-январында Ухань шаарындагы жашылча-жемиш, деңиз азыктары жана жапайы куштардын эти сатылган "Хуанань" базары белгисиз оорунун чыккандыгына байланыштуу эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүүгө жабылган. Илдетке алгач кабылгандар дал ушул жакта иштеген. Бирок илимпоздор азыркыга чейин базардын вирустун жайылышына ойногон ролу тууралуу бирдиктүү жыйынтыкка келе элек.