БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. 2020-жылы COVID-19 инфекциясынан Кыргызстандын кайсы аймагында көбүрөөк өлүм катталганын Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, коронавирустун курмандыгы болгондор Бишкек жана Ош шаарларында, ошондой эле Талас облусунда башкаларга салыштырмалуу көп катталды.
Калктын 100 миңине алып караганда, Бишкекте — 61, Ош шаарында — 47, Талас облусунда — 44 киши көз жумган. Андан кийинки орундарда Ысык-Көл (41), Нарын (38), Баткен (35), Чүй (30), Жалал-Абад (28) жана Ош облустары (28) турат.
Статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы коронавирустук инфекциядан 2 448 адам каза болду. Ал эми Республикалык штаб 12-февралга карата көз жумгандардын саны 1 439 адам экенин айтууда.
Эмне себептен мындай айырмачылык болуп жатканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сандардын такталып жатканы менен түшүндүрдү.