БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан эки адам көз жумса, 43 адамдан аталган инфекция табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
"Учурда COVID-19 жугуп ооруканада жаткандардын ичинен 121 бейтап оор, 21 адам өтө оор абалда. Өткөн суткада Бишкектен бир, Чүй облусунан бир адам көз жумду", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Стационарда 425 бейтап жатса, амбулатордук дарыланууда 457 киши бар экендиги кабарланды.
Кечээки статистика боюнча, COVID-19 республикада 43 адамдан табылса, 86 адам ооруну жеңип, айыгып кеткен.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда: