The Daily Mail булагы жазгандай, окуя Юта штатынын Уинта тоосунда болгон. Майлз Пенроуз туугандары, достору менен тоого чыккан. Карда жүрүүчү унаа менен көңүл ачып жатып силкинүүнү байкашат. Адегенде жер титирөө деп ойлошкон, ал учурда бийиктен агып жөнөгөн кар көчкүнү көрүп калышкан.
Пенроуздун айтымында, ал көчкүнүн үстүңкү катмарында калып, өз күчү менен чыккан. Ал эми видеого тартып жаткан адамды калың кар басып калган. Ага карабай колундагы смартфонун түшүргөн эмес. Дагы экөө көчкү жетпеген аралыкка качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бактыга жараша, туристтерден эч ким катуу жабыркаган эмес.