Андан бери төрт жылга аяк басты. Афганистандагы Кичи Памирден Нарындын Куланак айылына келип жайланышып, биринчи ирет мектеп партасына отуруп, тамга тааныган ошол бала Турганбай Абдулвахид уулу — азыр колледждин студенти, интернеттин активдүү колдонуучусу. Sputnik өзүн коомчулукка Турганбай Памири деп тааныштырган Афганистан жараны, этникалык кыргыз жигит менен маектешти.
— Кыргыз коомчулугунда Кичи Памирден келген 19 жаштагы жигит туурасында жылуу пикирлер айтылууда... Турганбай Абдулвахид уулу учурда эмне менен алек?
— Кыргызстанга Афганистандан 16 жашымда ата-энем жана айылдаштарым менен келгем. Тамганы ушул жактан таанып, жазганды, сабаттуу сүйлөгөндү ушул жактан үйрөндүм десем болот. Себеп дегенде Памирде кыргызча гана сүйлөшөт, диалект, акцент деген бар. Анын үстүнө китеп окубагандыктан, жазбагандыктан жазылышын билбейт да. Бул жакка келгенде мага жакканы китеп окуганга мүмкүнчүлүк жаралды. Мен аны канчадан бери эңседим эле.
Алгач Нарындын Куланак айылында жашадык. Жергиликтүү элди башкаларга караганда таза сүйлөйт дешти, чындыгында ошондой экен. Нарындан досторду таптым, аралаштым, сүйлөштүм. Башкысы, кыргызчаны Кыргызстандан үйрөндүм. Таң калычтуу нерсем да бар. Тамга тааныбай келип, мектепти, 9 классты үч жылда бүттүм. Памирден алгач 33 киши келсек, анын 18и балдар элек. Баарыбыз чогулуп сабакка бара баштадык. Тамганы кошуп окуй келгенде кыргызча сөз чыгып калып жатпайбы. Мен буга абдан таң калдым. Буга чейин мындай нерсени көргөн да, уккан да эмесмин.
Турганбай Абдулвахид мындан төрт жыл мурда Афганистандагы Кичи Памирден келген 33 этникалык кыргыздын бири. Алгач Нарын облусунда жашап, сабатын жоюп, учурда Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринин колледжинде билим алып жатат.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Тыбыштарды курап окуганда кыргызча сөз жаралганын өз көзүңүз менен көргөндө сиз үчүн башкача көрүнүш болгон турбайбы?
— Ооба. Сүйлөп жүргөн кыргызча сөз ушинтип тамгалардан куралса, бул оңой эле турбайбы деп кызыгуум ого бетер артты. Кечке эле окуй бергим келди. Бир жуманын ичинде дароо тамганы кошуп, анан муундап окуп кеттим. Жазганды да тез өздөштүрдүм. Бир жылда үчтөн классты аттап, ал эми үч жылдын ичинде 9 жылдык программаны бүтүп, 2020-жылы Бишкек шаарына биринчи ирет келдим. Ишеналы Арабаев атындагы университеттин алдындагы педагогикалык колледжге тапшырдым. Айта кете турган нерсе, биз мектепте акыркы классты окуп жатканда пандемия башталып, аралыктан (онлайн) билим алуу ыкмасына өткөнбүз. Азыр деле колледжден ошентип окуйбуз, бирок баары бир барып-келип окуганга жетпейт экен.
Кыргызстанды көрбөсөм да Памирде жашап жүргөндө бир эңсөө бар болчу. Мен деле ошол жакта жашаган балдардай окусам, билим алсам кандай сонун болот эле дечүмүн. Кыргызстандан делегация барып "балдарыңарды бергиле, Кыргызстанга бекер окутуп беребиз. Даярданып тургула, эмдиги жылы алып кетебиз" дегенде ошол бир жылдын өтүшүн кандай гана күтпөдүм. Шаарга барсам, окусам экен деген ашыктырган ойлор менен жүрдүм. Башка убакыт өтсө да, ошол жыл жылбайт десеңиз. Акыры максатыма жеттим... Азыр, буюрса, студентмин. Кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдик кесипте окуп жатам.
— Эмнеге бул кесиптин ээси болууну ойлондуңуз? Кыргызстанда мугалим болсом дейсизби?
— Памирдеги кыйынчылыктарды, азабын, ал жердеги жаштардын меники сыяктуу кыялдарын, максаттарын жакшы билем. Себеби мен да 16 жашымда Кыргызстанга келип жатам. Бир кезде мен кандай күтсөм, алар да Кыргызстанга барсак деп дал ошондой күтүп жатышат. Памирдегилерди толугу менен көчүрүп келүүгө кудуретим жетпесе да бул жактан көргөн, билген жакшы нерселерди үйрөтүп, окутуп, Кыргызстанга тартканга аракет кылам. Азыр көбү билим албай сабатсыз калууда.
Биздеги жагдай боюнча түшүндүрө кетсем. Памирде балдар бой жеткенден соң кийин ата-энеси сыңары кадимкидей эле жумуш кылып, түйшүк тартат. Жашоо ошондой эле уланат. Бизде ата-эненин эң негизги милдети — баласын үйлөнтүп-жайлантып, үйүн, малын бөлүп берет. Ал эми билим алуу жагы такыр эле калып калган. Анан дагы бир айта кетүүчү нерсе бар. Тааныштар интернет баракчаларына "Памирде жашы жете элек кыздарды күйөөгө берип, балдарды эрте үйлөнтүп койгонуңар жаман экен. Андай куракта кандайча турмуш-тиричилик өткөрөт" деп жазып келишет. Мен буга тактоо киргизип кетет элем. Мурда ошол сымал көрүнүш кездешчү экен. Бирок бүгүнкү күндө Памирде 18-19 жаш жана андан өйдө, балдар да 19-20 жашында куракта турмуш курушат. Учурда 12-13 жашында кыздарды күйөөгө берип, уулдарын үйлөнтпөйт.
Памирлик кыргыз Турганбай Абдулвахид уулу (Турганбай Памири): Кыргызстанды көрбөсөм да Памирде жашап жүргөндө бир эңсөө бар болчу. Мен деле ошол жакта жашаган балдардай окусам, билим алсам кандай сонун болот эле дечүмүн.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Бул күндөрү кыргызстандыктардын интернетте отурган бөлүгүнүн бир тобу Турганбай Памири аттуу уланды жакшы таанып калышты. Бул сиздин социалдык тармактагы аккаунтуңузбу?
— Кыргызстанда окуп, жазганды эле эмес, көптү — адамдар менен сүйлөшүүнү, мамиле курууну, пикир алышууну, интернеттен өзүмө пайдалуу нерселерди алууну үйрөндүм. Кыргызстанга келгени жашоом толугу менен өзгөрдү. Мен үчүн алыс болгон коомго өз болуп, аралашып кете алдым. Буга канааттанам. Кол сунуп жардам бергендер арбын болду.
Азыр социалдык тармакта мени баары карап турушат. Кээде "интернетке көп кирип, азгырылба" деген кеңештерин жазышат. Гаджеттердин тилин биле баштадым. Өзүм ыр окуп, аны чогултуп, оңдоп, ал видеолорду кесип, аккаунттарыма койгонду үйрөндүм. Кол менен жазып, аны кайра интернетке койгон башка, ал эми клавиатурадан терген такыр башка сезим экен.
Интернет мени алыскы, жакынкы аймактагы кыргыз боордоштор менен тааныштырды. Алар жылуу сөздөрүн, каалоолорун айтышат. Бул мага жагымдуу.
— Кыргызстанга келгениңизге төрт жылга аяк басып бара жатат. Албетте, жакшыга адам бат көнөт эмеспи. Аны менен катар көзгө копол көрүнгөн нерселер да болсо керек?..
— Ата-энелерибиз ыңгайлаша албай бир топ кыйналды. Улууларга караганда жаштар тез көнүп кеттик. Көп нерсе бизге күтүүсүз жерден жагымдуу болду. Таң калган нерселер арбын болду. Мен Афганистандын кээ бир эле облустарын көргөм. Андагы жарнактарда баары фарс тилинде жазылат. Ал эми Нарынга, Бишкекке келсең такыр башкача. Көчөлөрдүн, дүкөндөрдүн, мекемелердин аттары кыргызча жазылганын окуган өзүнчө бир жагымдуу болду. Ал сезимди түшүндүрүп деле бере албайм, бирок жылуу нерсе. Окуганды жаңы үйрөнгөндө көчөдө кетип бара жатып эле жазууларды окуй берет элем. Азыр деле ошентем.
Баса, жашоо-турмушта да мага тааныш эмес көрүнүштөр кезикти. Маселен, биз жакта чоочун аялдар менен эркектер бири-биринен оолак жүрөт. Ата-энебиз, карындаштарыбыз менен эле бирге жүрбөсөк, башка кыздар, эжелер менен анча көп көрүшпөйт элек да. Бул жакта эркек-аял ээн-эркин эле аралашып, кыздар менен балдардын бирге жүрө бергени алгачкы күндөрү чындыгында мен үчүн башкача көрүнүш болду. Кыска көйнөкчөн кыздар, шым кийгендер таң калычтуу сезилип, алгач салт деп кабылдап алыптырмын. Биринчи көргөндө чочуп, ыңгайсыз болуп... бирок акырындык менен көнүп баратабыз. Билбейм эми. Жашоо өзүнүн ..."кайсы жерде жашасаң салтын салтта, отун отто" дегендей (күлдү). Кыскасы, жакшы нерселерди сиңирип алып, андан ары кетип бара жатабыз.
Жөнөкөй эле нерсе болгону менен бул жакта кийимдерди төрт мезгилге карата киери да бизге кызык көрүндү. Памирде андай эмес...
Бирок негизинен кыргызстандыктар кичи пейил, меймандос жакшы эл келет экен. Билбеген нерселерди жогоруда айтканымдай үйрөнүп жатам. Кичинекей эле бир мисал, бул эми сиздерге байкалбашы деле мүмкүн. Маршруткага биринчи түшкөндө орун бошотуп берүүнү билбейт болчумун да. Карасам, кыргыздар да, башка улуттар да бири-бирин тааныбаса деле туруп берип жатышат. Ичимден "аа, ушундай кылыш керек турбайбы" деп ойлонуп, анан мен да ошенте баштадым. Бишкекке келгенде адашып, жашаган жеримден өтүп кеткен күндөрүм болду, анан көчөдөн тартынбай эле тактап, аябай көп сурадым. Азыр бейтааныш адамдар менен кадимкидей аралашып, көндүм. Алар үчүн мен Бишкектеги көп кишинин биримин.
Убактымды бөлүп, пландап, Кыргызстандын булуң-бурчтарын көрүп, кыдырганга да аракет кылып жатам. Нарындан сырткары Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө болдум. Ар бир сапар сайын Кыргызстанга болгон суктануум көбөйүп бара жатат. Сиздер бул жерде жашагандыктан анын барк-баасын сезбешиңиздер мүмкүн. Алыстан эңсеп, дегдеп келип, максатыңдын аткарылышы эң сонун бакыт деп билем.
— Сиз сырттан келдиңиз, Кыргызстанды такыр башка көз менен карайсыз. Кыргыз коомундагы замандаштарыңызга, курбалдаштарыңызга эмне деп айтар элеңиз?
— Биз жакка салыштырмалуу Кыргызстанда окуйм, билим алам деген адамга чоң мүмкүнчүлүк бар. Ушуну башка жаштар да пайдаланып калса дейм. Башка мамлекеттерге салыштырмалуу начар деши мүмкүн, бирок сырттан келген киши катары айтсам, шарт өтө сонун. Болгону убакытты текке кетирбей, жанталашып билим алып, адам өзүн өстүрүш керек деп ойлойм. Мен ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп калууга азыр абдан аракет кылып жаткан учурум. Мамбетасан Ибраев аттуу устаз байке мага жардам берип, көмөк көрсөтүп келгендердин бири. Ошол киши ата-энесиз эмес, билимден, ыймандан ажырап калган адам сагыр деп аталарын айтып берген. Ошондуктан мен замандаштарыма ыймандан, илим-билимдин, үлгүлүү жүрүш-туруштан сырт болбойлу, жетим калбайлы деп айтар элем. Билимдүүгө дүйнө жарык. Андыктан өзүмдүн да илим-билимге умтулганым умтулган. Мен Кыргызстанды жакшы көрөм.