Шашпайт го. Бишкек сотун жойлоп, эшиктерин күч менен ачып жүргөн кишинин видеосу

Борбордогу криминалдык милициянын кызматкерлери имараттарга кирип, уурулук кылган деп шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
Sputnik
Шектүүнүн видеосу тарап, анда кызыл кепкачан киши шашпай имаратты кыдырып, ачык кабинетке кирип, бек турган эшиктердин кулпусун атайын жабдуу менен күч колдонуп ачып жаткандыгын көрүүгө болот. Кадрга анын анда-мында эки жакты абай салып карап коюп жаткандыгы да түшүп калган.
Биринчи май райондук милициясына шаардык соттон 9-февралдан 10уна караган түнү белгисиз бирөөлөр Бишкек шаардык сотунун имаратындагы судьялардын бир нече кабинеттеринин эшигин ачып киргендигин айтып арыз менен кайрылышкан. Алар 2, 3 жана 4-кабатты "жойлоп", андан соң из жашыргандыгы айтылган.
Колун кайрып, акчасын алып... Баткенде иштеген бажычыны кармаган видео
Аталган иш Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурулук") негизинде иликтөө иштери башталган.
Маалыматта учурда келтирилген чыгымдын көлөмү такталып жатканы айтылган.
Милиция издөө иштерин жүргүзүп, Ош шаарынан 30 жаштагы шектүүнү кармап, тергөөгө алып келген. Учурда ал Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайында отурат.
Милиция ал жарандын башка кылмыштарга да тиешеси бары-жогу такталып жаткандыгын билдирди.