Бишкек мэрия: 8-мартка карата жарыяланган 500 миң сомдук тендер жокко чыкты 

Жарыяланган тендерге ылайык, калаа мэриясы айымдар үчүн 500 миң сомго 250 фитнес-браслет сатып алмак.
Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Каражатты рационалдуу колдонуу максатында 8-мартка карата белек сатып алуу үчүн жарыяланган тендер жокко чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдиришти.
Буга чейин Свердлов райондук администрациясынын тендер боюнча кулактандыруусу мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган. Анда 500 миң сомго 250 фитнес-браслет сатып алынары айтылган.
"Белек сергек жашоо образын эске салуу менен тандалган. Өзгөчө улгайып калган адамдарга керектүү буюм. Тендердин шарттары боюнча браслетте кан басымын, пульсту, уйкуну, кыймылды көзөмөлдөө функциялары бар болушу керектиги айтылган", — дешкен эле мэриядан.
Муниципалитет 2020-жылы пандемия күч маалында мындай иш-чара өткөрүлбөй, аялдарга жетишерлик көңүл бурулбай калганын кошумчалаган болчу.