Ай майрамы дүйнө жүзүндө кандай майрамдалат? Түркүн сүрөттөр

Sputnik

Батыш майрамынан айырмаланып, Кытайдын Ай (Жаңы жыл) майрамынын башталышынын так датасы жок жана ал жыл сайын ар башка убакта белгиленет.

Укмуштуудай үлпөт көйнөктөр. Пакистандагы мода жумалыгынан 10 сүрөт
Кытайда майрамдын биринчи күнү кыш мезгилинин экинчи айына туура келет (башкача айтканда, 21-декабрдан кийин). Григориан календарында бул көбүнчө 21-январдан 21-февралга чейинки күндөрдүн бирине туура келет. Бул ирет ал күн жума, 21-февралга туура келди.

Майрамды белгилөө адатта 15 күнгө созулат, бирок быйыл кытайлыктар бир апта эле майрамдашты.

Эми, ай календары боюнча, адамзат 4719-жылга кадам таштады. Дүйнө жүзүндө бул салтанат кандай майрамдалганын, анын мыкты кадрларын биздин сүрөт түрмөгүбүздөн көрүңүз.

1 / 18
Кытайдын Бангкок кварталындагы бийчи
2 / 18
Кытайдын Кута сыйынуу жайындагы арстан кийимчен адамдар, Бали
3 / 18
Бангкоктогу (Таиланд) кытай кварталында жаңы жыл алдында салттуу кийимчен адамдар
4 / 18
Пекиндеги соода борборундагы буканын айкелинин алдында бир үй-бүлө сүрөткө түшүп жатат
5 / 18
Тайвандын Тайбэй шаарында жаңы жылдык фейерверк
6 / 18
Филиппин. Маниладагы кытай кварталында чиркөөдө сыйынып жаткан адамдар
7 / 18
Вьетнам. Ханойго жакын жерде жыпар жыттуу таякчаларды таңгактап жаткан адам
8 / 18
Камбоджа. Такмауда унаада жыпар жыттуу таякчаларды алып бара жаткан кыздар
9 / 18
Салттуу кийимчен аялдын Япониядагы Ма Чжу Мяо чиркөөсүндө сыйынып жаткан учуру
10 / 18
Гонконг. Кытай жаңы жылына даярдануу алдында гүл базардагы майрамдык соода
11 / 18
Гонконгдун Ли Тунг проспектисинде жүздөгөн кызыл чырактар
12 / 18
Вьетнам. Ханойдогу Чан Куок пагоде сыйынуу жайында баласын көтөрүп турган кыз
13 / 18
Кытайдын Ухань паркындагы букага окшоштурулуп жасалган алп чырак
14 / 18
Такмау (Камбоджа) жайындагы жыпар жыттуу таякчаларды алып турган сыйынуучулар
15 / 18
Индонезиянын храмдарынын биринде бет кап кийип жыпар жыттуу таякчаларды кармап турган кыз
16 / 18
Вьетнамда кургатылган жыттуу таякчаларды таңгактап иштеген кызматкер
17 / 18
Жакартадагы (Индонезия) Дхарма Бхакти храмындагы жолборстун айкелинин алдындагы акчалар
18 / 18
Лондондогу Чайна-Таунда эки кыз селфи жасап жатышат