БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча уландар арасындагы улуттук курама командасы Беларустагы эл аралык мелдеште күчүн сынайт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.
Жаш атлеттерди машыктыруучу Тимур Токтобаев жетектеп барары айтылды.
Белгилей кетсек, атлеттер таймашка Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлөт.