Акулалар артынан түшкөн туристти балдар сактап калды. Видео

Интернетте аз жерден акуланын жемине айланып кала жаздаган кишинин видеосу пайда болду. Ал Жаңы Зеландияда тартылган.
Sputnik
Stuff NZ басылмасы жазгандай, окуя Эхоп жээгинде болгон. Аны видеого 15 жаштагы Элиза Сквайр аттуу кыз тартып алган.
Видеодо көрүнүп тургандай, эркек киши эч нерседен кабары жок сууга түшүп жүргөн. Ал артынан акулалар келе жатканын байкаган да эмес. Бир убакта корккон балдардын кыйкырыгын угуп жээкке чуркап жеткенге жетишкен.
"Эл "акула, акула!" деп кыйкырган. Бул акулалар байырлаган аймак экенин билиш керек. Ошондуктан эс алуучулар өтө сак болгону оң", — деген күбөлөр.
Окуядан жабыркагандар катталбагандыгы маалым болду.