Аламүдүн: турак үйдө болгон жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды

Кемпирдин абалы орточо оор экени, аны Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнөн палатага которуу пландалып жатканы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы Аламүдүн районундагы турак үйдө болгон жарылуудан жабыркагандардын абалын айтты.
Эске салсак, кечээ, 12-февралда, Аламүдүн районунда турак үйдөгү газ түтүгү жарылып бир өспүрүм көз жумган. Ал быйыл 14 жашка чыкмак.
Мындан тышкары, кырсыктан 79 жаштагы аял менен 16 жаштагы бала жабыркаганы айтылган.
"Учурда кемпирдин абалы орточо оор. Аны Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнөн палатага которуу пландалууда. Ал эми өспүрүмдүн абалы канааттандырарлык", — деп жазылат маалыматта.
Өспүрүм учурда шаардык балдар ооруканасында дарыланып жатканы кошумчаланды.