Тажикстанда 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, Ош, Баткенде да сезилди

ӨКМдин алдын ала билдирүүлөрү боюнча, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Ошто күчү 4,5 баллга, ал эми Баткенде 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ КРдин Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады.
Ага ылайык, 12-февраль күнү Кыргызстан убактысы боюнча саат 23:01де КРдин Сейсмология институту очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөөнү катташкан.
Институттун алдын ала маалыматтары боюнча, жер силкинүүнүн очогу Тажикстанда жайгашкан.
Ушул эле жер титирөө Ош облусунда 4,5 балл, ал эми Баткенде 4 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жок экенин кошумчалады.