Камчыбек Ташиевге Германияда операция жасалды

Буга чейин Камчыбек Ташиев Facebook баракчасы аркылуу чет өлкөгө кетип жатканын билдирген. Бирок кайсы өлкөгө кетерин, эмнесине операция жасатарын жазган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге бүгүн, 12-февралда, жүрөгүнө операция жасалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине ага жакын санаалаштары тастыкташты.
Буга чейин социалдык тармактарда "Камчыбек Ташиевге ийгиликтүү операция жасалды" деген билдирүүлөр тараган.
УКМК төрагасына жакын адамдарынын айтымында, операция Ташиевге 12-февралда Германияда жасалып, ийгиликтүү болгон.
Эске салсак, буга чейин Камчыбек Ташиев Facebook баракчасы аркылуу чет өлкөгө кетип жатканын билдирген. Бирок кайсы өлкөгө кетерин, эмнесине операция жасатарын жазган эмес.