Экс-муфтий Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасы тандалды

УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарганы кабарланган. 
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. – Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту Кыргызстан мусулмандарынын экс-муфтийи Максатбек Токтомушевдин баш коргоо чарасын тандады.
Айыпталуучунун адвокаты Акин Токталиевдин айтымында, сот Токтомушевди үй камагына чыгарды.
Эскерте кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө, муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалганын УКМКдан билдиришкен.