Кыргызстандык жигиттер "каскадёрлордун Оскарын" алышты

Мындай сыйлык каскадёрдук иштерге "Оскар" берилбегендиктен, америкалык кино таануучулар тарабынан өзүнчө негизделген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Курамында кыргызстандык жигиттер бар "Nomad Stunts" эл аралык каскадёрлор тобу Taurus кино сыйлыгын алды.
Алар 2020-жылы жарыкка чыккан Казакстандын "Томирис" тарыхый тасмасына тартылышкан.
Каскадёрлордун бири Жамил Жуматаев журналисттерге муну "каскадёрлордун Оскары" деп эсептесе болорун билдирди. Анын айтымында, мындай сыйлык каскадёрдук иштерге "Оскар" берилбегендиктен, америкалык кино таануучулар тарабынан өзүнчө негизделген.
"Сыйлык америкалык каскадёрлорго ыйгарылат, бирок "Чет элдик тасмалардагы экшн" категориясы дагы бар. Бул америкалык кино академиктердин жогорку баасы, себеби Борбор Азияда мындай сыйлыкка эч ким жетише элек болчу", — деди Жуматаев.
Кыргызстандык экинчи каскадёр Эдил Молдалиев алар ушул тармактын мыкты чебери Үсөн Кудайбергеновдун шакирттери экенин белгиледи.
Бишкекте 19 өлкө ат салышкан онлайн-фестивалдын жеңүүчүлөрү аныкталды
"Бир нече долбоорлор менен иштейбиз, арасында Голливуд дагы бар. Бизди универсал деп атоого болот. Көбүнчө чет өлкөлөрдө иштейбиз, анткени Кыргызстанда экшн камтылган тасмалар азыраак тартылат. Мекенибизде "Курманжан датка" жана "Көк бөрү" кинолорунда ат үстүндөгү трюктарды аткарганбыз", — деди Молдалиев.
Онлайн сыйлоо аземи 2020-жылы декабрда өткөн. Ал эми бийиктиги 80 сантиметр, салмагы 12 килограмм болгон статуэтка жакында эле Алматыга келип, ээлеринин колуна тийген.