Кримтөбөл “Дженго” камакка алынды

Кадырбек Досоновду өткөн жылдын ноябрь айынан бери издөөгө алышкан. Аны кечээ Ош шаарынан кармашып, Бишкекке алып келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Кылмыш дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири “Дженго” каймана аты менен таанымал Кадырбек Досонов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
“Шектүү ушул жылдын 8-апрелине чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды”, — деп билдирди соттон.
Досоновго өткөн жылдын ноябрь айында оор кылмышка шектүү деп издөө жарыяланган. Кандай кылмыш экени айтылган эмес.
Кримтөбөл "Дженгонун" кармалган видеосу жарыяланды
2017-жылдын 6-июлунда Оштун Кара-Суу райондук соту аны милициянын полковниги Толкунбек Шоноевдин өлүмү боюнча актаган. 10-февралда УКМК Ошто шектүү жашырынган үйдү, анын ичинде Досоновдун жеке буюмдарын тапканын билдирди. Мындан улам анын өзүн таап, колго түшүрүү боюнча “Перехват” планын жарыялаган.
Атайын кызмат кийин кримтөбөлдү кармоо боюнча иш-чара аяктаганын билдирген. Ал арада Досоновдун жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева буга чейин Дженго УКМКнын Оштогу аймактык башкармалыгына өзү келгенин билдирген.