Өткөн суткада коронавирус 70 адамдан табылып, эки бейтап көз жумду

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 85 398ге жетти, анын ичинен басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 82 098и ооруну жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус 70 адамдан табылып, 92 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 85 398ге жетти.
Айыккандар:
Кыргызстанда жалпысынан 82 098 бейтап айыккан.
Кечээтен бери Чүй облусунда бир, Нарында бир адам коронавирустун курмандыгы болгон. Муну менен оорудан көз жумгандардын саны 1 439га жетти.
Азыркы тапта 430 бейтап ооруканаларда дарыланып жатышат. Алардын ичинен 123үнүн абалы оор, ал эми 24 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.