Мюнхендик "Бавария" футболдон клубдар арасында дүйнө чемпионатын утту

Катар өлкөсүнүн Эр-Райян шаарында өткөн финалдык беттеш 1:0 менен актаган. Оюндагы жалгыз голду 59-мүнөттө Бенжамен Павар киргизди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Мюнхендик "Бавария" футболдук клубу Мексиканын "Тигрес" командасын утуп, клубдар арасында дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Р-Спорт маалымат булагы жазды.
Катар өлкөсүнүн Эр-Райян шаарында өткөн финалдык беттеш 1:0 менен актаган. Оюндагы жалгыз голду 59-мүнөттө мюнхендиктерден Бенжамен Павар киргизди.
Германиялык команда муну менен экинчи ирет аталган мелдештин жеңүүчүсү болду. "Бавария" алгачкы ирет 2013-жылы клубдар арасындагы дүйнө чемпионатын уткан. Анда финалда Марокконун "Раджа" клубун жеңген болчу.
Бул жаатта испаниялык "Реал Мадрид" эң титулдуу болуп саналат. Падышалык клуб бул трофейге төрт ирет ээ болгон.
"Бавария" быйылкы жылы Европа футболунда ойнотулуучу эң маанилүү делген алты кубоктун баарын утту. Алар Германиянын чемпионатын, өлкөнүн Кубогу жана Суперкубогу мелдешин, ошондой эле УЕФАнын Чемпиондор лигасы жана Суперкубокту жеңип алган.
Муну менен "Бавария Испаниянын "Барселона" клубунун уникалдуу рекордун кайталады. Каталониялык команда 2009/2010-жылдагы сезондо тарыхында алгачкы болуп алты кубокту уткан.