Баткенде Афган согушунун катышуучулары эскерилди. Сүрөт

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү апааттын катышуучуларын куттуктап, белектер тапшырылды. Учурда аймакта 450 афганчы бар.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Баткенде советтик аскерлердин Афганистан жергесинен чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына арналган салтанат өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 4
Баткенде советтик аскерлердин Афганистан жергесинен чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына арналган салтанат өттү
2 / 4
Иш-чаранын алкагында Афган согушунун баатырларынын урматына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, каза болгон жоокерлердин элесине багышталып куран окулду
3 / 4
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү апааттын катышуучуларын куттуктап, белектер тапшырылды
4 / 4
Учурда аймакта 450 ардагер бар.
Иш-чаранын алкагында Афган согушунун баатырларынын урматына арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, каза болгон жоокерлердин элесине багышталып куран окулду.
"Афганчы" Шамырканов: 41 жыл мурун Оштон Файзабадга жеткичекти көргөн азапты унутпайм
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү апааттын катышуучуларын куттуктап, белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Афган согушуна 7 миңден ашуун кыргызстандык жоокер катышып, алардын 300дөн ашууну курман болгон. Анын ичинен Баткен облусунун аймагынан барган 556 жоокердин 26сы кайтпай калган. Учурда аймакта 450 ардагер бар.
Эскерте кетсек, афганчы ардагерлер Ош коогалаңында, Баткен окуясында да алдыңкы сапта болушкан.