Колун толгоп, жулкулдатып. УКМК кримтөбөл "Дженгону" кармады. Сүрөттөр

Досонов буга чейин издөөдө болчу. Анын жактоочусу кримтөбөл УКМКнын Оштогу бөлүмүнө өзү барганын 10-февраль күнү кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ошто "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3
Ошто "Дженго" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досонов кармалды
2 / 3
Атайын кызмат кримтөбөлдү бүгүн Бишкекке алып келген
3 / 3
Кримтөбөл Жазык кодексинин 98-беренеси боюнча УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Ага ылайык, атайын кызмат кримтөбөлдү бүгүн Бишкекке алып келген.
Буга чейин Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка шектелип жаткан. Ал мындан башка да кылмыш иштерине шектүү катары ордо калаага алып келингени айтылды.