Аламүдүндө жарылган үй. Кырсыктан 79 жаштагы кемпир, 16 жаштагы бала жабыркады

Аял киши Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборуна жеткирилсе, өспүрүм балдар ооруканасында экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Аламүдүн районунда турак үйдө болгон жарылуудан 79 жаштагы кемпир менен 16 жаштагы өспүрүм жабыркаган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, бүгүн Аламүдүн районунда үй жарылып, кырсыктан бир өспүрүм көз жумган. Ал быйыл 14 жашка чыкмак. ӨКМ газ түтүгү жарылганын маалымдады.
"Жабыркаган 79 жаштагы аял Бишкектеги Ортопедия жана травматология илим изилдөө борборуна жеткирилген. Азыркы учурда медициналык текшерүүдөн өтүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми экинчиси 16 жаштагы өспүрүм экени айтылды. Алдын ала маалымат боюнча, анын оң буту жана сол билеги жабыркап, ооруканага жаткырылган.