Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге козголгон 6 ишти коомчулукка жарыялады

Бүгүнкү күндө УКМКнын мурдагы башчысы алты иш боюнча шектүү деп саналып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы башчысы Абдил Сегизбаевге карата алты кылмыш иши козголгонун кабарлады.
Сегизбаев Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен сотко чейинки башталган териштирүү ишинин алкагында Башкы прокуратура тарабынан үстүбүздөгү жылдын 25-январында кармалган. Анын баш коргоо чарасын Биринчи май райондук соту карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
Башкы прокуратура Сегизбаевге козголгон иштерди санап берди. Алар төмөнкүлөр: