Өтмөк ашуусунда ири автотыгын жаралды. Видео

Жолдо бараткан адам көрүнүштү видеого тартып, автотыгында үч сааттан бери турганын жазган. ӨКМ маалыматты тактап жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Бишкек — Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда ири автотыгын жаралганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымында, тыгын жол кардан тазаланбаганынан улам пайда болгон. Жолоочу ашууну үч сааттан бери аша албай жатканын белгилөөдө.
ӨКМ маалыматты тактап жатканын айтты.