Ош шаарында бычак жеп ооруканага түшкөн эки окуучунун бирөөсү көз жумду

Эки окуучу тең 17 жашта. Алар ичке бычак жеген. Бири алган оор жаракатынан улам каза болду. Учурда окуя болгон жерде милиция иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. – Sputnik. Бүгүн, 11-февраль күнү, Ош шаарында бычак жеп ооруканага түшкөн эки окуучунун бири каза болду. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы билдирип, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан тастыкташты.
Сүйгөнүн кетирбеш үчүн милицияга карматып... Январдагы соттук чечимдер
К.Б. алган жаракатынан улам ооруканада көз жумган. Ал эми экинчи окуучуга операция жасалды.
Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Толук маалымат кийинчерээк берилет.