Ошто мектеп окуучусун өлтүрүүгө шектелип 17 жаштагы бала кармалды

Шектүү Бишкек шаарынын тургуну, Алай районунда туулган. Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Ош шаарында 10-класстын окуучусун бычак менен сайып өлтүрүүгө шектелген 17 жаштагы К.А. кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Эске салсак, бүгүн, 11-февралда, Ош шаарында мектептин 17 жаштагы эки окуучусу бычак жегени айтылган. Алардын бири алган жаракатынан улам көз жумса, экинчиси ооруканага түшкөнү кабарланган.
"Шектүү Бишкек шаарынын тургуну, Алай районунда туулган. Ал жасаган күнөөсүн моюнуна алып, сурак берүүдө. Шектүү балдар менен айтыша кетип, жанына салып жүргөн бүктөмө бычагы менен сайып жибергенин айтты. Кылмыш болгон учурда анын жанында жүргөн эки шериги да кармалды", — деди Сыдыков.
Учурда тергөө амалдары уланууда.